1. Программалык аккредитация

Урматтуу комиссия курамы! Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин программалык аккредитациясы боюнча маалыматты ушул беттен көрө аласыздар.

 

ПРОГРАММАЛЫК АККРЕДИТАЦИЯ

 

 

Мектеп директору: Арзыматов Равшан Суйутбекович

телефон номери: 0755 04 02 73

e-mail: [email protected]

               КИРИШҮҮ

Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби 2018-жылы май айында толук аккредитациядан өткөн. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сертификат берилген. Мектеп Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 2-мартында бекитилген Билим берүү жөнүндөгү мыйзамына,нормативдик укуктук актыларына, билим берүү жөнүндөгү жалпы жоболорунун негизинде жана жаңы 2022-жылы бекитилген мектептин Уставына ылайык иш алып барат.

      МЕКТЕПТИН МИССИЯСЫ             

Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде

 

1.БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН МАЗМУНУ ЖАНА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КАМСЫЗДАЛЫШЫ.

 Критерийлери   Жыйынтык   Тастыктоочу база
1.1Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсүМектептин окуу планы КРнын Билим беруу жана илим министрлигинин 2022-жылдын 5-августундагы №1529/1 буйругунун негизинде бекитилген. 2022-2023- окуу жылы үчүн окуу пландын негизинде кабыл алынган. Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык иш жүргүзүлөт. Окуу планы жана программа билим берүү стандартынын жана базистик окуу планынын талаптарына туура келет.
1. Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 2018-2019-окуу жылынын окуу планы. 1-тиркеме
2018-2019.PDF
2. Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 2019-2020-окуу жылындагы окуу планы. 2-тиркеме
2019-2020.PDF
3. Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 2021-2022-окуу жылындагы окуу планы. 3-тиркеме
2021-2022.PDF
4. Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 2022-2023-окуу жылындагы окуу планы. 4-тиркеме
2022-2023.PDF
1.2Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыкдар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсүОкуу-методикалык камсыздоо билим берүү стандартынын кызыкдар тараптардын керектөөсүнө ылайык келет.Окуу китептери келгенде мугалимдер үчүн усулдук колдонмо менен да камсыздалат. Өтө керек болгон методикалык колдонмолор, көркөм адабияттар Терек-Сай айыл аймагынын, мектептин көмөкчү чарбасынын, мектеп жамаатынын жана USAID долбоорунун эсебинен толукталууда.

1. Китепкананын сүрөттөрү. №5.1-5.3-тиркеме

Китепкананын сүрөттөрү

2. Д-10. №6.1-6.6-тиркеме
1.3    Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу – методикалык адабияттардын фонду) болушу
 Мектеп боюнча окуу-методикалык каражаттар менен камсыздалышы 70%. Окуучулар кыргыз, орус жана англис тилиндеги китептерди пайдаланышат. Мектептин китепканасына союз ыдырагандан бери мамлекет тарабынан көркөм адабият менен камсыздалбайт. Көркөм адабияттар өтө эскирди.
1. Окуу-методикалык китептер менен камсыз болуунун мониторинги. №7-тиркеме
окуу китептеринин 5 жылдык мониторинги.PDF
2. Окуу-методикалык адабияттардын фонду. №8.1-8.5-тиркеме
1.4Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыкдар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушуКР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген билим берүү стандарттарынын талаптарын аткаруу, окуу -методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында аталган мектеп «Китепкана жөнүндө типтүү ЖОБОсунун» негизинде иш алып барылат. Мектеп китепканачысы Кадырбекова Рапия түзүлгөн жылдык пландын негизинде иш алып барат. Айрыкча «Окуу керемет» долбоору менен окуучулардын окууга болгон кызыгуусун арттыруу максатында китептер менен көп иштешет.
1. Китепкананын сүрөттөрү. №9.1-9.3-тиркеме
2. Китепканачынын жылдык иш планы. №10.1-10.4-тиркеме
3. Китепкана тууралуу типтүү ЖОБО. №11.1-11.5-тиркеме
Жыйынтык
Мектептеги жетишпеген окуу-методикалык адабияттар менен айыл өкмөттүн камсыз кылып туруусу, ата-энелер балдарына кызыкдар болуп, убагында китеп сатып берүүлөрү, китепканачынын «Окуу керемет» долбоору менен тыгыз иштөөсү, жайында окуу лагеринин мектепте уюштурулушу, китепкананын заманбап технологиялар менен жабдылуусу, китепканада интернеттин жетиштиги, окуучулардын көркөм адабияттарга кызыгуулары, ай сайын көркөм окуулар өкөрүлүп, кызыктыруучу белектердин уюштурулушу, отчетторду санарип боюнча аралыктан жөнөтүлүп туруусу.
Информатика боюнча жаңы программадагы окуу китептеринин окутулушу менен компьютерлердин эскилигинен программалоо тилдерди окутуу кыйынчылыкты туудуруп жаткандыгы.
Информатика предметин окутууда Соростун китебин пайдаланууга уруксат берээрден мурун жаңы персоналдык компьютерлер менен толук камсыз кылуу жагын сунуштайбыз, анткени компьютерлер программаларды жүктөөгө мүмкүнчүлүктөрү жетпейт.

2.КОМПЕТЕНТТҮҮ ОКУТУУНУ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН БААЛОО

Критерийлери
Жыйынтык
Тастыктоочу база
2.1Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушуОкутуунун максаттары билим берүү уюмунун иш планында, окуу бөлүмүнүн башчысынын жана методикалык бирикмелердин пландарында белгиленген. Максаттар мамлекеттик билим берүү стандартына шайкеш келет жана мамлекеттик окуу планына негизделип түзүлгөн.Мугалимдин жана оокуучунун компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган.
1. Мектептин билим берүү стандартынын талаптарына ылайык жазылган сабактын календардык-тематикалык план. №12.1-12.30-тиркеме
2. Сабактын күндөлүк планы. №13.1-13.4-тиркеме
3. Усулдук кеңештин планы. №14.1-14.3-тиркеме
2.2 Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонууМектептин 88,3%мугалимдери окуучуларга билим берүүдө инновациялык технологияларды жана усулдарды пайдаланышат. Мектепте 80% ноутбук менен камсыздалган. Мугалимдер инновациялык сабактарды өтүүдө ноутбук, проекторлорду, акылдуу досканы жана телевизорлорду пайдаланышат. Ар бир мугалим мектептеги интернетти кеңири пайдалана алышат. Заман талабына ылайык сабак өтүү үчүн Watsapp,Telegram, ZOOM, Meet? Google, classroomдан билимдерин анализдөө үчүн https://oku.edu.gov.kg/ru/testy сайттарды пайдаланышат.
1. Маалыматтык-технологиялык жабдуулардын мониторинги. №15-тиркеме
технология боюнча мониторинг.PDF
2. Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебиндеги инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу боюнча сүрөттөр. №16.1-16.5-тиркеме
2.3Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушуБилим берүүнүн стандарттык талабына ылайык окутууну баалоодо жана корректировкалоодо баалоонун түрлөрү колдонулат. М:критерий, көрсөткүч,ички баа берүү, сырткы баа берүү,мониторинг,байкоо жүргүзүү,маектешүү,өзүнө-өзү баа берүү, маалыматтарды чогултуу.Инсанга багытталган окутуу мугалимдин,окуучунун ийгиликке жетүүсүнө шарт түзүүгө багытталган, окуучунун кетирген каталарына эмес,жетишкендигине,тапшырманы аткаруусу каралат.Калыптандыруучу баалоо кайтарым байланыш берүүгө,алууга мүмкүнчүлүлүк берет
1. Насаатчылык тууралуу ЖОБО. №17.1-17.4-тиркеме
2. Кайтарым байланыш жүргүзүүнүн механизми боюнча НУСКАМА. №18.1-18.6-тиркеме
3. Насаатчылык жүргүзүү боюнча иш план. №19.1-19.2-тиркеме
2.4Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык-айкын системасынын болушуБилим сапатты аныктоо ар бир чейректе жарым жылдыкта жана жыл сайын бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоо аттестациясы системалуу жүргүзүлүп турат.Окуучулардын жетишүүсүн, билим сапатын баалоодо текшерүүнүн түрдүү формалары пайдаланылат. Мисалы:диктант, текшерүү иш, дилбаян,тест, Kahоot, Cooqle klasroom, Quizizz ж.б. программаларынын жардамында онлайн тест. Мугалимдер интерактивдүү ыкмаларды колдонуп, чыгармачылыкта баалоонун түрлөрү менен билимдерин баалап турушат. Медиа бурч аркылуу жарыяланат турулат.
1. Билим сапат боюнча 5 жылдык мониторинг. №20.1.-20.7-тиркеме
2.5Окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол-жоболору жана жыйынтыктары, ошондой эле аларды кайра кароонун жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушуМектепте окуучуларды баалоонун эрежелери сакталат жана колдонулат. (Диагностикалык, калыптандыруучу,жыйынтыктоочу). Окуу процесси убагында окуучулардын билими өздөштүрүүсүнө карата, жазуу иштеринин, тесттердин, практикалык, лабороториялык иштердин мониторингдердин жыйынтыгы менен чейректин баалары, ал эми анын негизинде жылдык баалары коюлат,б.а.кезектеги аралыктан жыйынтыктоочу баалоо жүргүзүлөт.Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекет-тик аттестациялоодо бааларын кайра кароо үчүн аппеляция комиссия түзүлгөн.
1. Окуучуларды баалоонун эрежелери.№21.1-21.2-тиркеме
2. Окуучуларды баалоонун процедуралары. №22.1-22.2-тиркеме
3. Талаш-тартыш маселелрди чечүү боюнча курам. №23-тиркеме
талашөтартыш.PDF
4. Чейректик жыйынтыктар. №24-тиркеме
2021-2022.PDF
2.6Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонууОкуучунун мектепте өткөргөн убактысы инсан катары ар тараптуу өнүгүүгө багытталышы керек, убактысы коопсуз жана жакшы маанайда болуусу абзел.Билим берүүдө өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу шарт түзүлүп, жакшы жолго коюлган. Мектептин айланасы тосмо менен тосулуп, окуучулардын жана мугалидердин,техкызматкерлердин коопсуздугу үчүн мектеп 15 видео байкоо камералары менен камсыздалган. Мектеп администрациясы тарабынан мугалимдердин нөөмөтчүлүк графиги бекитилип нөөмөтчүлөр дайындалган.
1. Видеокөзөмөл.№25-тиркеме
видеокөзөмөл.PDF
2. Соцпедагогдун ишмердүүлүгү. №26.1-26.6-тиркеме
3. Соцпедагогдун функционалдык милдети. №27.1-27.4-тиркеме
2.7Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасыОкуучулар мектеп ичиндеги,аймактык, райондук, областтык олимпиадаларга баскычтар боюнча катышышат. Улуттук тестирлөө борбору, “Секом” жана “Нова” билим берүү мекемелери тарабынан уюшулган предметтик тесттерге 9-11-класстын окуучулары өз убагында катышып турушат. Ар бир чейрек сайын предметтик мугалимдер өз предмети боюнча окуучулардын билим сапатын аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүп турат. ЖРТ боюнча айыл өкмөттөн алдыңкы баллдарга акчалай кызыктыруучу белектер берилет. Медиа бурч боюнча жарыяланып турулат.
1. Жалпы республикалык тесттин мониторинги. №28-тиркеме
ЖРТ 5 жылдык .PDF
2. Олипиада боюнча 5 жылдык мониторинг. №29-тиркеме
олимпиада 5 жылдык.PDF
3. Тарбиялык иштер боюнча 5 жылдык маалымат. №30-тиркеме
2021-22.PDF
2.8 Кызыкдар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушуМектепке кызыкдар тараптан доо арыз түшсө,ал маселени калыстык менен чечүү максатында ”Аппеляция жөнүндө Жобосунун”, “Жараштыруу кызматынын, же чыр чатактарды жөнгө салуу комиссиясы боюнча Жобосуна” жана “Ата-энелер менен кызматташуу жөнүндөгү Жобосуна” ылайык иш алып барылат. Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. Ишеним кутучасы уюштурулган. Арыздануу , даттануулар жок.1. Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин кызыкдар тараптарынын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө ЖОБО. №31.1-31.4-тиркеме-тиркеме

Кызыкдар тараптарынын кайрылууларын кароо боюнча ЖОБО

Жыйынтык
Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Жалал-Абад облустук усулдук борбордон кесиптик чеберчиликти өнүктүрүү боюнча окуп келип, мугалимдерге стандарттык билим берүүнүн ыкмалары боюнча жайылткандыгы жана учурда мугалимдердин окуучуларга билим берүүнүн ыкмаларын жана баалоонун түрлөрүн сабактарда колдонуп жатышкандыгы, мектепте инновациялык технологиялардын колдонулуп жаткандыгы, кабинеттер телевизор жана интерактивдүү доскалар менен камсыз болгондугу, ЖРТдан орточо балл 125тен жогору болгондугу, предметтик олимпиада боюнча химия предметинен байгелүү орунду алгандыгы
Окуучулардын сабакка азыраак, уюлдук телефондорго көбүрөөк кызыга башташкандары. Ата-энелердин мектеп менен байланышынын аздыгы. «Алтын тамга» боюнча окуучулардын орундарга илинбей калышы. Олимпиада боюнча областтык деңгээлге чыкпай жатышкандары.
Окуучулардын мектепте телефон колдонбоолору боюнча министрлик тараптан бирдиктүү эреже түзүлсө.

 

                        3.КАДРДЫК                 САЯСАТТЫН                    ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

Критерийлери
Жыйынтык
Тастыктоочу база
3.1 Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсүМектеп педагогикалык кадрлар менен 100% камсыз болгон. Педагогикалык персоналдардын саны 34. Алардан 28 (82,%)мугалим жогорку билимдүү,4(11%) мугалим Бакалавр,2 мугалим (7%) атайын орто. Мектеп мугалимдеринин эмгек стаждары төмөнкүчө: 5 жылга чейинки: 2(6) 5-10 жылга чейинки: 2(6) 10-15 жылга чейинки: 3(9) 15 жылдан жогору: 27(79) Ар бир мугалим өзүнүн адистиги боюнча сабак берет. Педагогикалык курам квалификацияларга жана билимдерге карата коюлуучу талаптарга ылайык толугу менен комплектелген.
1. Мугалимдердин сапаттык курамы. №32.1-32.11-тиркеме
2. Эмгек келишиминин үлгүсү. №33.1-33.2-тиркеме
3. Эмгек келишимин түзгөнгө НУСКАМА. №34.1-34.3-тиркеме
4. Мектеп кызматкерлерин жумушка кабыл алуу жана жумуштан бошотуу жөнүндө НУСКАМА. №35.1-35.2-тиркеме
3.2Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушуМектепте сабактардын ырааттамасы жалпыга ачык жерде жайгаштырылып, билим берүү үчүн коопсуз физикалык жана психоло-гиялык ыӊгайлуу шарттарды түзүү максатында бардык аракеттер көрүлгөн.Окуу имаратынын коопсуздугу, тиешелүү санитардык-гигиеналык шарттардын аткарылышы, окуу класстарындагы нормага ылайык жылуулуктун болушу,таза суу жана пандус менен камсыз болушу жетекчиликке алуу менен жүргузүлөт.Окуу жылынын башталышында мугалимдердин кесиптик өздүк курамы такталып, жаш педагогдор менен толукталат
1. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери жөнүндө ЖОБО. №36.1-36.17-тиркеме
2. Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздуктарды сактоо боюнча усулдук колдонмо. №37.1-37.2-тиркеме
3. Инструктаж журналы. №38.1-38.7-тиркеме
4. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдеринин эрежесин кабыл алуу боюнча протокол. №39-тиркеме
санпин боюнча протокол.PDF
3.3Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушуМектепте 2 мугалим Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги. Жалал-Абад областык мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамота»сы менен 1 мугалим сыйланган. Педагогдордун үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү системасы бекитилген жана колдонулат: — мектеп үчүн кесиптик өнүгүү боюнча пландар талдоонун негизинде түзүлүп, мектептин стратегиялык планына киргизилген. — педагогдор кесиптик өнүгүүсүнүн өздүк индивидуалдуу пландарын иштеп чыгышат. Жыл сайын 20%дан кем эмес педагог өз билимин өркүндөтүшөт.
1. Кызматкерлердин жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоо максатында сыйлык берүү жөнүндө ЖОБО. №40.1-40.2-тиркеме
2. Мугалимдердин билимин өркүндөтүү курстарына баруусу жөнүндө маалымат. №41.1-41.3-тиркеме
3. Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун иш планы. №42.1-42.4-тиркеме
4. 2018-2022-окуу жылына чейинки мугалимдердин сыйлануусу боюнча маалымат. №43.1-43.9-тиркеме
5. Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарынан өткөрүү үчүн түзүлгөн 5 жылдык план. №44-тиркеме
Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарынан өткөруу учун тузулгөн 5 жылдык планы.PDF
6. Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун ЖОБОсу. №45.1-45.7-тиркеме
Жыйынтык
Мектепте педагогикалык кадрлардын жетиштүүлүгү, жыл сайын кесиптик чеберчиликтерин өнүктүрүү максатында курстардан өтүшүп жатышкандыктары, кесиптик уюмдун жигердүү иштөөсү менен жайкы эс алууларга мугалимдердин тартылгандыгы.
Жогорку даражадагы наамдарды алгандардын санынын аздыгы.
Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарын өткөрүү, бир гана борборлордо гана эмес жеринде өткөрүү боюнча пландоону сунуштайбыз.

4. МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

Критерийлери
Жыйынтык
Тастыктоочу база
4.1Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал) болушуМектептин материалдык-техникалык топтому билим берүү уюмунун максаттарына жана милдеттерине шайкеш келет. Имараттын жалпы аянты 15603м2. Аянтта эки корпус жайгашкан.Мектепте спорт зал бар,ашкана бар.Сабактар чейректик тартипте 1-2-3-4-чейрек болуп өткөрүлөт. Имарат электр тармагына туташтырылган. Мектептин материалдык-техникалык топтомун жаңыртуу иши улантылууда. Мектепте интернет бар. Физика жана биология кааналарында лаборатория бар. Бир компьютердик класс бар.1. Мектептин материалдык базасы боюнча маалымат жана сүрөттөр. №46.1-46.5-тиркеме

Материалдык -техникалык база

4.2Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)Мектепте санитардык-гигиеналык ченемдер, өрт коопсуздугунун, эмгекти коргоонун жана коопсуздук эрежелеринин талаптарына ылайык иш жүргүзүлөт. Жыл сайын санитардык-гигиеналык эрежелерге, өрт коопсуздугун сактоо талаптарына шайкеш келишине карата текшерүүдөн ийгиликтүү өтөт жана ушул темаларда тарбиялык сааттар өтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Мектептин материалдык-техникалык топтомунун жана имараттын абалы санитардык ченемдерге жана өрт коопсуздугунун талаптарына толук жооп берет.
1. Коопсуздук талаптар  боюнча маалымат. №47.1-47.4-тиркеме
2. Сүрөттөр. №48.1-48.2-тиркеме
4.3Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушуМектеп материалдык-техникалык топтомун жакшыртуу механизми (иштелип чыккан программа ) бар. Мектепте төмөнкү көйгөйлөр бар: Күндөлүк оңдоо иштерин өткөрүү,мектептин аймагын жашылдандыруу,окуу китептерин толуктоо,Мектепти жыл сайын жай айларында косметикалык ремонттон өткөрүү. Мектепте салтанаттуу чогулуш залынын курулушун ишке ашыруу,жылытуу системасын жакшыртуу. Спорт аянтчасына спорттук жабдууларды орнотуу. Лабораториялык кааналарды ишке киргизүү.1. МӨП. мектептин стратегиялык планы. №49.1-49.12-тиркеме

Мектептин өнүктүрүү планы

 

Жыйынтык
Мугалимдердин 80%ы ноутбуктар менен камсыз болуулары, окуучулардын тамактануулары үчүн буфеттин заманбап технологиялар менен жабдылуусу, мугалимдердин мектепте акылдуу досканы жана ар бир кабинетке коюлган заманбап телевизорлорду пайдалануулары, спорт залдын болуусу.
Мектепте компьютерлердин сапатынын жок болушу, лабороториялык кааналарда приборлордун жетишсиздиги, өнөркананын жоктугу, салтанаттуу чогулуш өтүүчү залдын жоктугу.
Мектепте жаңы маркадагы компьютерлер менен камсыздоо жагын. Интернеттин жогорку деңгээлде болушу менен камсыздоо жагын сунуштайбыз.