2. Институционалдык аккредитация

Институционалдык аккредитация

 

Мектептин миссиясы:

Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби үзгүлтүксүз башталгыч, жалпы негизги жана орто билим берүүнү камсыз кылат.

Мектеп ата-энелер жана жергиликтүү коомчулук менен тыгыз байланышта инсандын коомдун, мамлекеттин кызыкчылыгында окутууну жана тарбиялоону жүргүзөт.

Ден соолукту, коопсуздукту камыз кылат. Улуттук педагогиканын үлгүсүндө ар тараптан өнүккөң инсанды окутуу жана тарбиялоо үчүн шарттар түзөт.

 

Мектеп директору: Арзыматов Равшан Суйутбекович

телефон номери: 0755 04 02 73

e-mail: [email protected]

Киришүү

Б.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин жаңы корпусу 2012-жылы ишке берилген. 260 орундуу болуп берилген. Учурда 445 окуучу билим алышып жатышат. 34 мугалим, 16 тех.кызматкер эмгектенишүүдө. Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча мугалимдер болгон эмгегин сарпташып эмгектенүүдө. Мамлекеттик программалардын негизинде иштер аткарылып жатат. КРнын мыйзамынын чегинде жана мектептин кабыл алынган уставынын негизинде иш алынып барылат. Дареги: Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Кызыл-Токой айылы, Кут Билим көчөсү-5 Материалдык базасы жылдан жылга чыңдалып жатат. Билим сапатын көтөрүүдө чоң салымымын кошуп келе жатат. Келечекке карай өнүктүрүү планы иштелип чыккан. Пландын негизинде инфраструктураны көтөрүү пландары коюлган.

1.БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН КАМСЫЗДОО САЯСАТЫ

Критерийлери
Жыйынтык
Тастыктоочу база
1.1 Билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу бекитилген ички акттардын болушуМектепте билим берүү процесси Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында жалпы орто билим берүү мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык пландалып, иш жүзүнѳ ашырылат.Ага ылайык мектептин Уставы иштелип чыккан. Устав 2022-жылдын сентябрь айында кайрадан облустук юстициядан каттоосунан ѳткѳн. Устав кызыкдар тараптардын керектѳѳсүнѳ приоритет берүү менен жазылган. Мектептин билим берүү багытындагы пландарды ишке ашыруу үчүн түзүлгөн нормативдик-укуктук жана локалдык актылар, жоболордун негизинде мектептин тиешелүү түзүмдѳрү иш алып барат. Ички регламент, таризи, нѳѳмѳткерлик боюнча локалдык бирдиктүү эрежелер топтомунун негизинде ырааттуулук сакталып, тартип менен окуу процесси уюштурулуп турат. Окуу тарбия иштеринин туруктуу жана сапаттуу жүргүзүлүшү үчүн ички кѳзѳмѳл жүргүзүлѳт. Ички кѳзѳмѳл жүргүзүү – мектепте иштелип чыккан эрежелер топтомун жетекчиликке алат.
1. Мектептин уставы
2. Усулдук кеңештин жобосу
3. Усулдук бирикменин пландары
4. Усулдук кеңештин планы
5. Мектеп ичиндеги тартип эрежелери
5.PDF
6. Усулдук бирикме жөнүндө ЖОБО
усулдук бирикмелердин жобосу.PDF
7. Ички көзөмөлүнүн жобосу
ички козомол.PDF
8. Ички эрежелер топтому
Ички эрежелер топтому.PDF
1.2Билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушуБ.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 2019-2023- жылдарды ичине камтыган “Мектепти ѳнүктүрүү планы” түзүлгөн. Мектептин стратегиялык планы 2019-жылы иштелип чыгып, №1 педагогикалык кеңештин чечимине ылайык түзүлүп бекитилген.Стратегиялык планды түзүүдө кызыкдар тараптар менен бирдикте мектептин көйгөйлөрүн эске алуу менен стратегиялык максаттар коюлган. Мектептин миссиясы:мектеп ата-энелер жана жергиликтүү коомчулук менен тыгыз байланышта инсандын коомдун,мамлекеттин кызыкчылыгында окутууну жана тарбиялоону жүргүзөт. Мектеп ушул миссиянын негизинде иш алып барат. Мектепке баам: Кѳп түрдүү, туруктуу ѳзгѳрүлүп турган дүйнѳгѳ ылайыкташкан, мамлекеттик стандарттын негизинде окуу программаларын ѳздѳштүргѳн компетенттүү бүтүрүүчүлѳрдү даярдаган, квалификациясын системалуу түрдѳ жогорулатып турган педагогдор менен толук комплектелип, сапаттуу билим берген, инсанды тарбиялаган мектепке айлануу.
1. Тарбиялык иштерди уюштуруучунун жылдык иш планы
2. Мектептин ата-энелер менен иштөө планы
Ата-энелер менен иштоонун жылдык планы.PDF
3. МӨП
1.3Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана жооптуу адамдардын/түзүмдөрдүн болушуЖалпы билим берүү мекемесине жетекчилик кылууну жалпы билим берүү мекеменин Уставында аныкталган тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалган директор ишке ашырат. Директор мектеп ичиндеги эмгек келишимдерин түзөт, ишеним каттарды берет, белгиленген тартипте штаттарды бекитет, мектептин баардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет, жалпы билим берүүчү мекеменин ишинин келечек, жылдык жана учурдагы план-дарын киргизет. Сапаттуу билим берүүнүн камсыздоо саясатын ишке ашырууда мектеп администрацисы иштейт. Мектеп администрациясы уставдын негизинде жана бекитилген функционалдык милдеттерин аткарышат. Билим берүү сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу максатында стратегиялык пландан ОТЖПга деталдаштырылат жана анын негизинде мектептеги тиешелүү ички иш- чаралар, усулдук кеңеш, усулдук бирикмелердин иши пландалат. Мында билим берүүнүн сапатын кѳтѳрүү боюнча иш аракеттер конкреттешилет. Жылдын аякташы менен жыйынтыкталат
1. Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин ачык жана адилеттүү баалоону камсыз кылуу эрежелери
2. Мектептин башкаруу структурасы
Мектептин башкаруу структурасы.PDF
3. Педагогикалык кеңештин ЖОБОсу
4. Кызматтык милдеттер боюнча жобо
1.4Персоналдын жана окуучулардын жүрүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдеринин болушу, аларды сактоо (билим берүүнүн жана инсандын, маданий көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын колдоочу уюштуруучулук маданияттын калыптангандыгы)Педагогикалык коллектив тарабынан иштелип чыккан мугалимдер үчүн этикалык ченемдер “Адеп кодекси”, окуучулар үчүн мектеп парламентинде иштелген этикалык ченемдер бар.Ар бир педагог өзүнүн жүрүш-турушу, гумандуулугу, окуучуга кылган мамилеси менен өзүнүн этикалык тарбиясын көрсөтөт. Ар бир окуу жылынын башында мугалимдер үчүн этикалык нормалар каралып чыгат жана талкууланат. Мугалимдин окуучулар менен ѳз ара мамилесиндеги этика, ошондой эле кийимдеги ишкер стилдин сакталышы боюнча талкууланып турат. Мугалим мектептин уставын аткарууга жана ички эмгек эрежелерин сактоого милдеттүү. Мектеп жамааты Эмгек кодексинин негизинде Баштапкы кесиптик бирлик уюму менен биргеликте иш алып барат. Этикалык ченемдер бузулса, ата-эне, окуучу менен түшүнбөстүктөр болсо, маселелерди чечүүдө мектеп администрациясы талаш-тартыштарды жөнгө салуучу комиссия менен иш алып барат.Мектеп окуучулары мектеп парламентинде уюштуруучунун жетекчилиги менен иштелип чыккан окуучулар үчүн этикалык ченемдерди сакташат.
1. Мугалимдердин этикасы жөнүндө ЖОБО
2. Жөндөмдүү окуучулар менен иштөөчү мугалимдерге коюлуучу талаптар
жондомдуу балдар менен иштоо.PDF
3. Окуучулар, ата-энелер, мугалимдер үчүн тартип эрежелери
4. Үч тараптуу келишим
уч тараптуу келишим.PDF
1.5Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушуМектептин билим берүү чөйрөсү коопсуз жана корголуу, окуучулардын физикалык, эмоционалдык жана социалдык өнүгүүсүнө мектептин шарттары жооп берет. Ар бир каанада эшиктеринин жандарына эвакуациялык схемалар илинген. Окуу жылынын башында ар бир класста коопсуздуктар боюнча класстык сааттар өтүлүп, схемалар менен тааныштырылып, залда илинген кызыл стрелкалардын мааниси түшүндүрүлөт. Жылына төрт жолу эвакуациялык тренировкалар уюштурулат, «Жаш өрт өчүрүүчүлөр кошууну» окуучуларды тизип,тез мектептен алып чыгып кеткенге жардам беришет. Мектепте комплекстүү коопсуздук схемасы түзүлгѳн. Ал коопсуздукттеун баардык түрлѳрүн камтыйт. Мектептин комплекстүү коргонуусунун паспорту жыл сайын Чаткал райондук ѳзгѳчѳ кырдаалдар бѳлүмү менен макулдашылып, мектеп директору тарабынан бекитилип турат. Ѳзгѳрүүлѳр болсо дароо пландоодо, уюштурууда чагылдырылат. Окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында каралган 15 видеокамера көзөмөлдө турат. Жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн жумасына хлор менен жуулат.
1. Мектептин комплекстүү коопсуздук системасы
2. Мектептин жарандык коргонуу иш планы
Жарандык коргонуу планы.PDF
3. Кырсык тобокелин азайтуу боюнча иш-чаралар
кырсык тобокелин азайтуу боюнча план.PDF
4. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери жөнүндө ЖОБО
5. Терроризмге каршы коргонуу паспорту
1.6Кызыкдар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнүн колдонуудагы механизмдеринин болушуАта- энелер, окуучулар, жана башка коомчулуктун ѳкүлдѳрү «Кыргыз Республикасынын кѳзѳмѳлчүлѳр кеңеши» 2014-жылы 30- май № 81 мыйзамына ылайык мектепти тең башкаруучу орган катары мектепте чечимдерди кабыл алуу процессине катышып турат.Ушул мыйзамдын негизинде мектепте локалдык жобо иштелип чыккан.Ата энелер комитетинен,айыл башчысы,аялдар кеңешинен ѳкүлдѳрү мектептин ишмердүүлүгүн пландоодо, мектептин ишмердүүлүгүн баалоодо түзүлгѳн комиссиялардын курамына киргизилет. Ата-энелер комитети менен мектептин, класстын муктаждыктары аныкталат. Материалдык базаны чындоодо, оңдоо-түзөө иштерин кылууда Айыл өкмөтү, көзөмөлчү кеңеш, жергиликтүү кенештин депутаттары, демөөрчүлөр менен кеңешип иштер жасалат. Ата-энелер комитети менен биргеликте жылдык иш планды иштеп чыгууда, ата-энелер чогулушунда көйгөйлөр, сунуштар угулуп, жооптуулар бекитилип иш алып барылат. Мектеп-ата эне-окуучу ортосунда үч тараптуу келишимдер түзүлөт. Мектепте мектеп парламенти, балдар ѳспүрѳмдѳр уюму иштейт.
1. Көзөмөлчүлүк кеңештин ЖОБОсу
2. Мектеп-ата-эне-окуучу-үч тараптуу келишим
уч тараптуу келишим.PDF
3. Ата-энелер менен иштөөнүн типтүү ЖОБОсу
4. Ата-энелер комитетинин иш планы
Ата-энелер менен иштоонун жылдык планы.PDF
5. Ата-энелерден алынган анкеталардын негизинде түзүлгөн анализ
атаөэнелердин анкеталарына анализ.PDF
6. Ата-энелер комитетинин курамы
Ата-энелердин структурасы.PDF
1.7Билим берүүнү башкаруунун колдонуудагы маалыматтык системасынын, веб-сайттын, электрондук почтанын болушуМектепте маалыматтарды башкаруу системасы бар. Мектепте Билим берүү жана илим министирлиги каржылаган Телеком ОАО аркылуу интернет 4G тездикте туруктуу иштеп турат. Мугалимдер бөлмөсүндөгү, ОТИ орун басардын бөлмөсүндөгү жана информатика классындагы компьютерлерге интернет байланышы туташтырылган. Мугалимдердин 80%ы өздүк ноутбуктары менен камсыз болушуп, WiFi аркылуу туташып сабактарында интернет булактарынан маалыматтарды сабагына колдоно алышат. Мектепте 2 интерактивдүү доска,2 акылдуу доска, 12 заманбап телевизорлор жана 4 проектор бар.Мектептин электрондук почтасы бар жана ал активдүү колдонулат [email protected]. Мектепте медиа бурч менен иштөө жагы жакшы жолго коюлган. Инстаграм жана фейсбук социалдык тармагында баракчалары бар, мектепте болгон кызыктуу маалыматтар киргизилип турат. – Мектептин электрондук почтасы – Жаңы китеп – ИСУО менен иш алынып барылууда.
1. Мектептин электрондук дареги. [email protected]
2. Мектеп боюнча маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо системасы
маалыматтарды чогултуу жана иштеп чцгуу.PDF
3. ИСУОго жооптуу адамды бекитүү боюнча буйрук
ИСУО боюнча жоопкерди бекитуу жонундо буйрук.PDF
Жыйынтык
– Мектептин 2019-2023-жылга түзүлгѳн так, даана стратегиялык ѳнүктүрүү планынын болушу. -Мектептин так аныкталган миссиясы жана баамдын болушу. Локалдык ички актылар топтому мектептеги бардык чѳйрѳлѳрдү камтып, жѳнгѳ салып турушу. – Мектептин ишмердүүлүгүнүн негизинде:Билим сапаты,материалдык техникасынын базасынын жана мугалим менен окуучунун ишмердүүлүгүнүн натыйжасында ѳсүү динамикасынын болушу. -Жаңы китеп менен китепканачынын иштеши.
– Кызыкдар тараптардын мектепте, биргеликте чечим чыгарууга ѳтѳ кыйынчылык менен тартылышы.
Ата-энелер үчүн балдарды тарбиялоодогу көйгөйлөрдү аныктоо үчүн мамлекет тарабынан семинарларды уюштуруп берүү

2. КАДРДЫК САЯСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ

Критерийлери
Жыйынтык
Тастыктоочу база
2.1Педагогикалык, административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка алуунун (жумуштан бошотуунун) объективдүү критерийлерин жана шарттарын камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушуКыргыз Республикасынын эмгек кодексине ылайык мектепке кызматкерлерди жумушка кабыл алуунун жана бошотуунун локалдуу эрежелер топтому түзүлгѳн. Ар бир окуу жылында эмгекти коргоо боюнча атайын инструктаж ѳткѳрүлүп, ага мугалимдин колу коюлуп, фиксация жасалып турат. Мугалимдин жеке иштѳѳсүнѳ шарттар түзүлгѳн. Мугалимдер бѳлмѳсү бар. Мугалимдер жана тейлѳѳчү персоналдар тарабынан эч кандай доомат арыздар болгон учур жок. Эмгек күчүнүн узактыгы жана кызматкерге коюлган талаптар эмгек келишиминде аныкталат. Эмгек келишими Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 378- беренесинин негизинде, мектептин ички эрежелер топтомун эске алуу менен түзүлгѳн.
1. Жумушка кабыл алуу жана бошотуу боюнча НУСКАМА
2. Эмгек келишими
3. Эмгек келишимин түзгөнгө НУСКАМА
4. Мугалимдердин коопсуздук техникаларын сактоо боюнча журнал
2.2Штаттардын комплекттелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсүМектептин штаттары толук комплектелген. Музыка, көркөм өнөр адистигинен кадр жетишпейт. Ар бир мугалим ѳзүнүн адистиги боюнча сабак берет. Мугалимдер мектептин муктаждыктарына жараша кабыл алынат. Кадр менен камсыз болушунун перспективасы прогноздолот. Мугалимдер сабактарынын жүктѳмү талапка ылайык келет.
1. Мугалимдердин сапаттык курамы
2. Мугалимдердин жүктөмдөрү
2.3Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушуМектепте коопсуздук техникалары жана эмгекти коргоо инструкциялары иштелип чыккан. Физикалык коопсуздук боюнча имараттын коопсуздугу, бөлмөлөрдүн жарыктандырылышы, кабинеттердин жылуулугу, желдетилиши, таза суу менен камсыз болушу, мебелдердин коопсуздугу, ата энелер, жергиликтүү бийлик менен кайрылуулардын, маек жүргүзүү, көйгөйлөрдү суроо жооп аркылуу аныктап алып, стратегиялык планга киргизилген, айрым учурда тез кабыл алуу педагогдордун чогулушунда чечилет. Балдардын ден соолугун коргоо, жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн ҮДТ кызматкери менен мектепте окуучулардын ден соолугуна текшерүү жүргүзулүп турат. Социалдык педагог анкета жүргүзөт, ишеним кутуча пайдаланылат, ИДН кызматкерлери менен ай сайын чогулуштар өтүлуп , түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат. Окуучулардын коопсуздугун алдын алуу максатында Терек-Сай айыл өкмөтү 15 видеокамера кабелдери менен алынып, видеокөзөмөл орнотулган.
1. Коопсуздук боюнча инструктаж журналы
2. Жарандык коргонуу планы
Жарандык коргонуу планы.PDF
3. Мектептин комплекстүү коопсуздугунун паспорту
4. Видеокөзөмөл боюнча сүрөт
видеокөзөмөл.PDF
2.4Педагогикалык, административдик, кенже тейлөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналдын ишин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушуБ.Камчыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде ар бир педагогдун, тех. персоналдын, админстрациянын ишмердүүлүгү бааланып турулат. Өзгѳчѳ ийгиликтерди жаратып, олимпиада, ЖРТ, ар кандай конкурстарда жеңүүчүлѳр болгон мугалимдердин ишин баалоо окуу жылынын аягында атайы педагогикалык кеңештин бир маселеси болуп каралат. Мектептин, айыл ѳкмѳттүн, региондук деңгээлиндеги сыйлыктарга кѳргѳзүлѳт. Эң мыкты мугалимге Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлигинин сыйлыгына сунуштама берилет.
1. «Мектеп кызматкерлерин сыйлоо» жөнүндө ЖОБО
2. Мугалимдердин алган сыйлыктары
Жыйынтык
– Бардык предметтер боюнча кесипкѳй педагогдордун толук камсыз болушу, көркөм өнөр, музыкадан башка. – Мектептин жалпы кызматкерлеринин ѳз ара мамилесинде жагымдуу ѳз ара сый жана иштиктүү мамиленин болушу. -Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү түзүүдө педагогикалык жана кенже персоналдардын,ата энелердин, жергиликтүү бийликтин, медицина кызматкерлеринин кызыкдар болушу. -Мектепте балдардын окуусуна бардык шарттар түзүлгөн. Класс жарыктандырылган, таза, желдетилип турат. Жылуулук системасынын абалы жакшы. Ашкана заманбап талаптарга толук жооп берет. -Видеокөзөмөл коюлган. -ИДН кызматкерлери менен тыгыз иш алып баруусу -Соц педагогдун ата энелер, балдар менен тыгыз иш алып баруусу. -Завхоз, электриктин кызматынын үзгүлтүксүздүгү. -Жергиликтүү кеңеш менен тыгыз байланышта болуусу.
– Мугалимдер коллективиндеги гендердик маселе же эркек мугалимдин мектепте ѳтѳ сейрек келиши.
Мектепте 445 окуучу окуйт, 34 мугалим жана 16 кенже кызматкерлердин иштеп жаткандыгына карабастан секретарь штатынын жоктугу. Мектепте 100 окуучу окуса дагы секретарь кызматын ачып берүү жагын сунуш кылат элек.

3. МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА

3.1 Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын, жайлардын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал, актылар залы, медициналык пункт, ашкана), ошондой эле жашоо үчүн тиешелүү шарттары бар жатаканалардын (эгерде болсо) болушуМектептин типтүү жаңы имараты 2012-жылы ишке киргизилген. 11 класс кабинет бар, долбоорлук сыйымдуулугу 260 окуучу. Эски имаратта 4 кабинет бар, анын бир кабинети бий классы болуп ачылган. Окуу корпустарынын ичи таза ,жарык жана жылуу . Корпустардын кире беришинде пандус бар. Окуучулар үчүн жакшы шарттар түзүлгөн, китепкана,мугалимдер бѳлмѳсү, компьютер классы, ашкана, спорт зал бар. Мектепте 2 интерактивдүү доска , 2 акылдуу доска, 3 проектор жана 10 заманбап телевизорлор бар. КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2006-жылдын 27-июлундагы №492/1 КРнын жалпы билим берүү уюмдарында 1-4-класстардын окуучулары үчүн тамактанууну уюштуруу тууралуу буйругунун негизинде 2012-жылы долбоор даярдалып өткөрүлүп, 2013-жылдын сентябрь айынан баштап 1-4-класстын окуучулары үчүн ысык тамак берилип келе жатат. Мектептин ашканасы талапка ылайык жабдылган. Учурда мектеп санитардык-гигиеналык нормаларга жана талаптарга жооп берет. Мектептин 2 корпусу тең электр тогу менен жылытылат.
1. Материалдык-техникалык база боюнча сүрөттөр
2. Материалдык-техникалык база боюнча маалымат
3. Мектептин техникалык паспорту
3.2 Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)Мектептин залдары, класстык бөлмөлөр 1% хлордун эритмеси кошулуп жуулуп, тазаланып турат.Тыныгууларда терезелер ачылып желдетилип, нымдуу тазалоо иштери жүргүзүлөт. Экологиялык жактан алып караганда окуучулар үчүн айыл жеринин абасы, суусу таза. Мектеп короосу кенири, брусчаткаланган, балдар чуркап ойногонго ынгайлуу. Тейлөө кызматкерлери күнүнө шыпырып, таштандыларды чыгарып турушат.Ар жылдын жаз айларында жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт. Мектеп залдарына, класстык бөлмөлөргө гүлдөр өстүрүлгөн.Ѳрт коопсуздугун сактоо боюнча атайын иштелип чыккан №1 педагогикалык кеңешинде бекитилген, баштапкы кесиптик бирлик уюму менен макулдашылган Нускаманын негизинде иш алып барылат. 1-11-класска чейин “Өрт кооп-суздугу”, “Коопсуздук техника эрежелери”жана “Жолдо жүрүүнүн эрежелери” аттуу класстык сааттар өтүлүп, окуучуларга тааныштырылат. Класстык, лаборатордук жана информатика бөлмөлөрүндө коопсуздук эрежелерини көрсөтмөлөрү илинген. Эвакуациянын пландары ар бир корпуста багыты менен бар
1. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер жөнүндө ЖОБО
2. Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча усулдук колдонмо
3. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди кабыл алуу протоколу
санпин боюнча протокол.PDF
4. Мектептин коопсуздук схемасы
5. Коопсуздук техникасынын эрежелери
6. Мектептин комплекстүү коопсуздугунун паспорту
7. Терроризмге каршы коргонуу паспорту
8. Жарандык коргонуу планы
Жарандык коргонуу планы.PDF
3.3Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушуМектептин материалдык техникалык базасын жана маалымат ресурстарын жакшыртуу стратегиялык планга МѲП киргизилген жана ар бир окуу жылында бул пункт боюнча талдоолор жүргүзүлүп, деталдангандан кийин жеткиликтүү ишке ашырууга мүмкүн болгон милдеттер коюлуп турат.Бул милдеттер ар бир окуу жылына түзүлгѳн ОТЖПнын милдеттеринин матрицасына түшүрүлѳт. ОТЖП 2022-2023- окуу жылынын ОТЖП планын №5 милдети. Мектептин инфраструктурасын жакшыртуу: №6 милдет. Мектептин материалдык техникалык базасын чыңдоого багытталган иш аракеттерин жүргүзүү.Ар бир окуу жылынын аякташы менен жылдык анализге маалыматтар киргизилет. Муктаждыктарга карап,эң негизгилери жылдык планга түшүрүлүп, аны ишке ашыруу үчүн туруктуу иш алынып барылат. Компьютердик-технологиялык жабдуулардын жакшырып жаткандыгы. Мугалимдердин маалыматтык техникалык каражаттар боюнча өз билимин өркүндөтүүсү. Мектепте ОТЖП да материалдык –техникалык базаны жакшыртуу боюнча стратегиялык план түзүлгөн. Мектептин айланасында темир курчоо бар.
1. Мектептин техникалык паспорту
2. Ашкана, спорт зал, компьютердик класс, усулкананын китепкананын сүрөттөрү
Жыйынтык
Мектепте ысык тамак берилет. Ашкана заманбап жабдылган. Мугалимдердин 80%ынын өздү ноутбуктары бар. Ар бир кабинет технология менен жабдылган. 2 акылдуу доска менен иштеп жатышат. Мугалимдердин компьютердик сабаттуулуктары жакшырып бараткандыгы. Айыл өкмөтү тарабынан тынымсыз каржы бөлүп тургандыгы. Мектептин “көзөмөлчүлүк кеңеши” коомдук бирикмесинин активдүү иштеши.
Компьютердик класстагы компьютерлердин маркасынын эскилиги, интернет ылдамдыгынын начарлыгы. Мектеп 260 орундуу, учурда 445 окуучу окуп жаткандыктан 2 смена болуп иштеп жатабыз. Бирок калктын саны тез өсүп жаткандыктан окуучуларга кабинеттердин тартыштыгы келип чыгууда.
Жаңы маркадагы компьютерлер менен камсыз кылып берүү жагын сунуштайбыз.

4. ФИНАНСЫ РЕСУРСТАРЫН БАШКАРУУ

4.1. Финансылык пландоо системасынын болушуМектепти ѳнүктүрүү планы (2019-2023-жылдарга) жылдарга түзүлгѳн. Финансы ресурстарын башкаруу 5- этапта чагылдырылган,ал эки бѳлүктѳн турат. – Бюджеттик каражаттар менен иш алып баруу. – Бюджеттик эмес каражаттар менен иш алып баруу. Мектептин кѳйгѳйлѳрун аныктап чыгууда бардык кѳйгѳйлѳр тизмектелип чыгат. Ал кѳйгѳйлѳрдү чечүүнүн максаттары аныкталат. Ал максаттарды ишке ашыруу үчүн далилденген милдеттер келип чыгат. Бул милдеттерди чечүү финансылык ресурска барып такталат. Мына ошондой милдеттердин приоритети аныкталат. Ошол чечуу муктаждыгына жараша тизилет, жана матрицалары иштелип чыгат. Окуу жылын аяктаганда,натыйжалар анализделип, чечилбей калган айрым маселелер кийинки жылдын планына киргизилет.1. МӨП планы

Мектептин өнүктүрүү планы

4.2Кошумча финансы ресурстарын тартуу, бөлүштүрүү жана отчеттуулук боюнча ачык-айкын механизмдердин болушуМектепте кошумча финансы ресурстарын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Көзөмөлчүлүк кеңешинин жана баштапкы кесиптик бирлик уюму аркылуу жүргүзүлөт. Мектепке кирген ар бир кирешенин актысы түзүлүп, накладной, квитанциялар тиркелет. Мектептин материалдык-техникалык базасынын чындалышына жана кошумча ремонт иштерин жүргүзгөнгө Терек-Сай айыл өкмөтү түзүлгөн үч тараптуу келишимдин негизинде жардам берип турат. Жылына 1 жолу ата энелерге жана коомчулукка коомдук угуулар уюштурулуп турат.
1. Көзөмөлчүлүк кеңешинин ЖОБОсу
2. Көзөмөлчүлүк кеңешинин иш планы
козомолчулук кенешинин иш планы.PDF
3. Локалдык смета
4. Кайрылуулар,актылар
4.3 Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушуМектепте кѳзѳмѳл кеңешинин алдында уюштурулган коомдук бирикме бар. Мектепте бюджетке түшкѳн так эмес финансы ресурстарын башкарууну алар жүргүзүшѳт. Банкта атайын эсеп ачылган. Көзөмөлчүлүк кеңеши менен ал финансы ресурстарын пайдалануу боюнча атайы мектептин ички эрежелери бар. Мектепте бюджеттик эмес булак спонсорлордон түшүшү мүмкүн. Окуу жылынын башында стратегиялык ѳнүгүү планына коюлган милдет приоритетине жараша учурдагы ОТЖП планына киргизилет жана андан сырткары күтүлбѳгѳн күнүмдүк расходдор чыгышы мүмкүн.1. МӨП (5-милдет)

Мектептин өнүктүрүү планы

Жыйынтык
– Мектептин МѲП стратегиялуу планында финансылык пландардын болушу. -Мамлекеттен, кошумча ресурстарды тартуу менен материалдык –техникалык базанын жаңыланышы билим сапатынын жогорулашына таасир берет. – Финансы ресурстарын талдоо, жакшыртуу боюнча иштердин алып барылышы. -Профсоюздун алгылыктуу иштеши. Жылдан жылга окуу шарттарынын жакшыруусу . -Кошумча финансылык ресурсту тартуучу субъектинин болушу. – Ачык угуулардын ѳткѳрүлүп турушу. -Айыл өкмөттүн тынымсыз каржылап турушу.
-Ремонтко бөлүнгөн акчалардын тендер менен чектелиши. -Жылдан жылга мебелдердин эскириши, жаңы мебелдердин кымбат болушу. -Ремонт иштерине бюджеттен аз акча бөлүнүүсү. Жылдан жылга ремонтко керектүү каражаттардын кымбат болушу. -Акы тѳлѳнүүчү кошумча билим берүүгѳ ата- энелердин кызыкдар эместиги.
Ремонт иштерине жетерлик каражаттар бөлүнсө.